Тажик ЖМКлары: «Головной» аймагынан суу график менен берилет»

Баткен районундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы суу убагы менен берилет. Бул тууралуу «Спутник-Тажикстан» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугушуп суу маселесин талкуулашкан. «Анда «Головной» жана «Хожобарыкган» суу бөлүүчү жайларындагы суу убагында берилип турары макулдашылды. Азырынча суунун канча пайызы кайсы өлкөгө кетери айтылган жок», — дешет тажик журналисттери.

Кыргызстандын Суу чарба департаменинин билдирүүсү боюнча, суу бөлүштүрүү боюнча жаңы макулдашуу болгон жок. «Аталган суулар боюнча түзүлгөн келишим бар. Ошого ылайык графиги менен суу берилип турат», — дейт мекеменин башчысы Алмаз Сокеев.