Тажик тарабынан жардырылган Көк-Таш — Ак-Сай жолундагы көпүрө унаа кыймылы үчүн ачык

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында тажик аскерлери тарабынан жардырылган Баткен районунун Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө унаа кыймылы үчүн ачык.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, көпүрөнү убактылуу калыбына келтирүүгө 7 атайын техника тартылган. Бүгүнкү күндө жүк ташуучу жана жеңил унаалардын убактылуу өтүүсү камсыздалды.