Тажик тарап атышууну токтотууну сурап, бирок аскерлери ок чыгарып жатышат

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, кечээ, 27-январда саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөштү.

«Тажик тарап атышууну токтотуу тууралуу суранычы менен кайрылды. Бирок саат 22:30га карата тажик аскерлери ички бөлүмдөрдүн позициясын маал-маалы менен аткылоону улантып, атышуу Эки-Таш, Кум-Базар жана Чыр-Дөбөдө болуп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Баткен облусу менен Согди облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.