Тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктардын кыйноого туш болгондугу аныкталды

Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков 29-апрелде тажик тарап тарабынан барымтага алынган кыргызстандыктар менен жолугушкан. Жыйынтыгында жабырлануучуларды кыйноо фактылары тастыкталды. Толтурулган протоколдор Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

«7-майда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар учурунда барымтага алынган кыргыз жарандарына карата Стамбул протоколдорун толтуруу жол-жобосун баштады. Стамбул протоколунун жол-жобосу боюнча жарандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эми алар ырайымсыз мамилеге жана кыйноолорго туш болушкан деп айта алабыз», — деп түшүндүрдү Бакыт Рысбеков.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан 190 кыргызстандык жаракат алса, 36 адам көз жумду.