Тажик тарап баштаган курулуш иштери токтотулду

Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги тажик тарап баштаган курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу аталган райондун акичилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-февралда чуу жараткан курулуш иштери  боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда курулуш жүрүп жаткан жер Кыргызстанга таандык экени аныкталып, такталган. Мындан улам тажик тарап курулуш буюмдарын жана бетондорун алып чыгып кетишкен. «Ал эми казылып калган жерлер калыбына келтирилди”,— деп билдиришти Баткен районунун акимчилигинен.

Белгилей кетсек, эки күндөн бири Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер митингге чыгышып, өкмөттөн кыргыз тарапка тийиштүү жерлерге тажиктер курулуш иштерин жүргүзүп, жергиликтүү калкты киргизбей жатышкандарын айтып, ыкчам түрдө маселени чечүү талабын коюшкан болчу.