Тажик тарап чек ара жаңжалында каза болгондордун санын жашырып жатат

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон жарандардын санын расмий түрдө айтпай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Ал эми «Радио Озоди» чек ара чырынын 12 курмандыгын тактаган. Алардын айтымында, каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Учурда расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 34 жараны каза болсо, 173 жаран жаракат алды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарылыкка ылайык, 1-2-май күндөрү Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.