Тажик тарап Төрт-Көчөдө жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотту

Тажик тарап курулуш ишин токтотту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Баткен районунун Төрт-Көчө жерлигинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери кечээ, 9-октябрь күнү саат 17:00дө тажик тараптан токтотулду. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, бүгүн, 10-октябрда жогорудагы маселе боюнча эки тараптын тиешелүү район жетекчилеринин жолугуусу болуп өттү»,- деп айтылат маалыматта.