Жакындары кабатыр болушууда. Тажик тарап кармап кеткен кыргызстандыктар качан камактан чыгарылат?

16-февралда Тажик тарап кармап кеткен беш кыргыз жараны дагы деле үйлөрүнө кайтып келише элек. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Тажик тараптын тергөө абагында жаткан Дөөлөт Орозовдун бир тууган карындашы Элмирахан Орозова билдирди.

Анын айтыманда агасы 16-февралдан бери кабарсыз камакта жатат. Кармалган беш жарандардын эч биринин жакындарына алардын учурдагы акыбалы жөнүндө айтылбай келет.

“16-февралда менин агам жана дагы башка төрт кыргызстандык Тажикстандын мал базарына барып, кайра үйлөрүнө кайтып келе жатышканында жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калышкан. Аларды Тажик тарап кармап кетишкен. Кармоо учурунда  кыргыздарга Тажик тарап кысым көрсөтүп, аларга залал келтиришти деген маалыматты угуп, биз 22-февраль күнү Баткенде митинг өткөргөнбүз, аларды бошотуу талабын коюп. Ошондо бизге Баткендин жетекчиси кармалган биздин туугандардын акыбалы жакшы экенин, аларга эч ким кысым көрсөтпөгөнүн билдирип, аларды үйлөрүнө алып келүү боюнча сүйлөшүлөр болгонун, Тажик тарап жакында аларды кой берет деп убада кылган болчу. Бирок андан бери он күндөн ашык убакыт өттү. Биз кабартыр болуп жатабыз. Алардын акыбалы жакшы деп жатышат бирок бизге ишенүү кыйын болуп жатат. Себеби телефон менен да үндөрүн укпасак”,— деп билдирди Элмирахан Орозова

Мындан улам биз, SEREP MEDIA маалымат агенттиги өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык. Анда алар учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышып, кармалган жарандарды Тажик тарап качан бошотоору азырынча белгисиз деп үн катышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажик тарап менен чек ара мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык жарандарды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселелерин талкуулаган. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул шыр эле чечиле калчу маселе эмес”,— деп билдирди Баткен облустук бийлигинин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова

Белгилей кетсек,16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандагы мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын көздөй кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз айылынан Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, аталган 5 жаран жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калышкан. Мындан көп өтпөй эле 22-февралда кармалган жарандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы имаратынын алдына Тажик тарап кармап кеткен жарандарды үйлөрүнө кайтарып берүү талабын коюп митингге чыгышкан. Анда Суваналиев митингчилерге учурда кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, ошондой эле облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирген болчу.

Бирок кармалган жарандардын жакындары аларга барып кабар алмак турсун, телефон аркылуу да байланышып акыбалдарын биле албай жатышкандарын айтышууда.