«Тажик тараптан ок атылган учурда айылдан качып чыгып, каналга түшүп кеткен». Милиция баланын өлүмүнүн чоо-жайын айтты

Азыркы учурда социалдык тармактарга “Лейлек районундагы Арка айылында чек арадагы куралдуу кагылыштарда качып баратып Фергана каналына 4 жаштагы Турсунбаев Абидин Алибекович түшүп кетип каза болду” деп таркап жаткан маалыматтарга Баткен ОИИБи расмий жооп берди.

«29-апрелде Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда, Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Турсунбаев Абидин Алибекович айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон. Бул факты 3-май күнү Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.