«Садыр Жапаров болгон жок». Тажикстанда жолуккан президенттер мөмө-жемиштер коюлган өкмөт үйүндө сейилдешти

Кечээ, 14-сентябрда Борбордук Азиянын мамлекет башчылары бешинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Тажикстандын Душанбе шаарында болушту.

Иш-чаранын алкагында Тажикистандын президенти Эмомали Рахмондун уюштуруусу менен «Достук кечеси» белгиленди. «Достук кечеси» аяктагандан кийин өлкө башчылар өкмөт үйүндө сейилдеп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө барышты. ЖМКлар жазгандай, ал жерде президент Садыр Жапаров болгон эмес.

Көргөзмөдөгү мөмө-жемиштер, жашылчалар, кургатылган жемиштер, бал жана башка өлкөнүн баалуу жаратылыш байлыктары жогорку даражалуу коноктор үчүн коюлган. Жол боюнда мөмө-жемиштер ар кандай кооздукта жасалган.