«Кожалы-Ворух» жолун курууну макулдашылды делген Тажикстандын билдирүүсү

Баткен шаарында 1-2-май күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болгон. Бул маалыматты Тажикстандын мамлекеттик «Кабар» («Ховар») маалымат агенттиги жарыялады.

Анда тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын №43 чек ара аймагынан тарта №61 чек ара аймагына чейинки, №135 чек ара аймагынан тарта №141 аймакка чейинки тилкеси боюнча долбоордук сызык үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү боюнча жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы документтерин пайдаланууну чечишти.

Ал эми топографиялык жумушчу топко 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган аймактардагы долбоордук сызыкты сүрөттөө тапшырмасы берилди.

Муну менен бирге эки тараптын жумушчу тобу 2021-жылдын 17-майына чейин Тажикстандын Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача аймагы, Исфара шаарындагы Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдары, Кыргызстандын Лейлек районундагы Лейлек Максат, Кулунду калктуу пункттары, Баткен районундагы Көк-Төш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдары боюнча мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгы жана топографиялык иштерди жүргүзүүнү баштайт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоо жана делимитация менен демаркация процесси аяктаганга чейин Тажикстандын жарандары, транспорт каражаттары тоскоолдуксуз өтүшү үчүн тараптар жолду бирге куруп, «Ходжаи Аъло-Ворух» унаа жолун тажик тарап да колдонот. Бул жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө макулдашуусу менен аныкталат. Бул жолдун курулушун тездетүү үчүн топографиялык топторго долбоордук уюмдар менен биргеликте 2021-жылдын 1-июнуна чейин иликтөө иштерин жүргүзүү тапшырылды. Эки тарап кийинки биргелешкен отурум Тажикстандын аймагында өтөт деп келишкен.

Кыргыз бийлиги жогорудагы маалымат боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.