Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатып алууну сунуштабаганын билдирди

Тажикстандын энергетика тармагы тарабынан Кыргызстандагы кесиптештерине Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү боюнча эч кандай сунуштар жөнөтүлгөн эмес. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирди. 

Ошол эле учурда, «Барки Точик» ААКнын төрагасына өткөн жуманын ортосунда Кыргызстандын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиевден расмий кат барганы маалым болду. Анда суунун аздыгына байланыштуу өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экени айтылган. Ошондуктан тажик тарапка 2021-жылдын октябрынан тартып Кыргызстанга электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган. Катта ошондой эле энергетика жана өнөр жай министринин орун басары баштаган кыргыз делегациясынын бул маселени талкуулоо үчүн Дүйшөмбү шаарына баруу ниети жөнүндө маалымдалган. 

«2021-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбүгө келип, «Барки Точик» ААК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында кыргыз тараптын электр энергиясын берүү боюнча кайрылуусу каралды. Эми бул сунуш тажик тарапта каралууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын Энергетика министрлиги ошондой эле бүгүнкү күндө Тажикстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү «Орто Азиянын жана Түштүктүн БЭКтеринин электр системаларынын электр агымдарынын балансын теңдештирүү методологиясына» ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирди. Документ эки өлкөнүн энергетикалык системаларынын эффективдүү иштешин камсыздоо үчүн электр энергиясынын техникалык алмашуусун карайт. «Бул механизм акыркы бир нече жылдан бери колдонулуп келе жатат жана коммерциялык мамилелерди камтыбайт», — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жуманын аягында энергетика министри Доскул Бекмурзаев 1-октябрдан тарта Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаганын айткан. Президент Садыр Жапаров да «Тажикстан өз сунуштарын берип, алардан электр энергиясын ала баштадык» деп жазган болчу.