Тажикстан «Кызыл-Бел» өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти

Төрт-Көчө ачылып, Тажикстан Кыргызстандын «Кызыл-Бел» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иш алып барылган. Баткен облусунан комиссиянын курамында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен ОИИБдин башчысы Мурат Боронов жана Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Толонбаев болгон.

«Облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Ошондой эле Тажикстан, Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы менен Тажикстандын “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайынын аймагындагы куралдуу күчтөрүн аймактан алып чыгып кетти», — деп айтылат маалыматта.