Тажикстан талибдерден качкан Памир кыргыздарын Ооганстанга кайтарды

иллюстрация

345 этникалык кыргыз Тажикстандан Ооганстандын Вахон районуна кайтып келди. Бул тууралуу Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Мурда качкан этникалык кыргыздар «Ооганстан Ислам Республикасынын өкмөтү алардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин» 4000 баш малы менен кошо кайтарып келингени белгиленди.

«Мургаб чөлкөмүнүн Чоштеппа жана Достук бөлүктөрүндө жүргөндө, Ооганстандын качкындары, БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына ылайык, убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык кызматтар менен камсыз болушкан«,- деп айтылат маалыматта. \

14-июлда этникалык кыргыздар башпаанек издеп Ооганстандан Тажикстанга кетүүгө аргасыз болгону маалым болгон. Кийинчерээк ТИМ Кыргызстан Тажикстанга качкан Ооган кыргыздарын эвакуацияларын билдирген. Ошондой эле Министрлер кабинети Ооганстандан качып, Тажикстанда турган этникалык кыргыздарды кабыл алууга камданып жаткан.