Тажикстан тарапка кирип кеткен мал өз ээсине кайтарылды

Баткенде милиция кызматкерлери Тажикстан тарапка кирип кеткен малды ээлерине кайтарып берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун кароосуз жүргөн 6 баш ири мүйүздүү малы СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылына 8-июль күнү кирип кеткен. Көк-Таш айылдык милиция бөлүмү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.