Кечээ, 31-мартта Худжанд шаарынын борбордук стадионунда эл аралык Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара болду.
Чогулгандардын алдында үч мамлекеттин башчылары — Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев чыгып сүйлөштү.
Расмий бөлүктөн кийин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда салтанат концерт менен уланды. Ошондой эле дрон шоусу да болду. Шоудо дрондор менен Кыргызстандын картасы чийилип, Садыр Жапаровдун портрети да көрсөтүлдү.