Тажикстанда кар көчкү жүрүп, 9 адамдын өмүрүн алды (видео)

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунда кар көчкүнүн кесепетинен 9 адам каза болду. Бул тууралуу Спутник Тажикстан жазды. 

Маалыматка караганда, Хорог шаарында табигый кырсыктын кесепетинен 8 адам жабыркап, дагы бирөө Ванж районуна бара жаткан жолдо каза болгон.

Дагы бир нече адам дайынсыз болуп, куткаруучулар аларды издеп жатышат. 12 жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилип, алардын экөөсүнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.