Тажикстанда кармалган жарандар мекенине кайтарылды. Бирок кимдин күчү менен?

Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын кармалган бул жарандары, Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан коё берилди.

«Буга чейин  Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, Тажикстандын мамлекеттик органдары тарабынан  кармалган Баткен облусунун  беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле  26-февралда  Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылды. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун жергиликтүү үч тургуну, ыйгарым укуктуу өкүл Омурбек Суваналиев менен ТРнын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажиксандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалган үчүн, эскертүү гана берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле биз, SEREP MEDIA маалымат агенттиги буга чейин редакцияга кайрылган Элмирахан Орозовага байланышып, маалыматты тактадык. Анда ал тажик аскерлери кармап кеткен кыргыздарды мекенине кайтаруу иши бийлик аркылуу эмес, аталган камакка алынган жарандардын жакындарынын күчү менен ишке ашканын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Элмирахан Орозова SEREP MEDIA маалымат агенттигине Тажикстан кармап кеткен беш кыргыз жаранын бири анын бир тууган агасы экенин айтып, коңшу мамлекеттин абагында жаткан агасы кабарсыз камакта жатканын билдирип, жардам сурап кайрылган болчу.

«13-мартта чыгарылды. Бийлик жардам берген жок. Ар бирине жакындары, туугандары 200 миң сомдон айып пул төлөп, анан чыгарттырып алдык. Көбү карыздап, бул сумманы чогултушту. Бийликке ишенсек жата беришмек экен»,— деп билдирди ал.

Белгилей кетсек,16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандагы мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын көздөй кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз айылынан Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен.