Тажикстанда тыңчылык үчүн соттолгон кыргызстандык. ТИМ маалымат берди

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов көтөргөн маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Министрлик, Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Юлдошев кармалган мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки процессуалдык иштери, мөөнөтүн өтөп жаткан мекеме жана ал жерде кармоо шарттары жөнүндө толук маалыматка ээ. Анын энеси, бир тууганы менен тыгыз байланыш кармап, аларды такай маалымдап турат.

1988-жылда туулган Кыргыз жараны болгон Тажикстандын Исфара районунун тургуну Юлдошев 2023-жылдын 20-январында Тажикстандын сот органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттолгон. Аталган жаранды Кыргызстанга которуу маселеси боюнча элчилик Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен биргеликте, эл аралык келишимдерге ылайык керектүү ишти алып барууда.

Кыргыз жаранына коюлган айыптын өзгөчөлөгүнө байланыштуу аны Кыргызстанга которууга адаттагыдан кошумча мөөнөт талап кылынат.