Тажикстандагы Кыргыз жарандарынын катаал мамилеге туш болуп жаткандыгы айтылууда

«Тажикстандагы Жерге-Тал, Мургабда жашаган этникалык кыргыздар, айрыкча Кыргыз жарандыгын алгандар катаал мамилеге дуушар болуп жатышат. Депортация да кылып жатышыптыр», — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, акыркы апта ичинде Тажикстан паспорт көзөмөлүн катаалданткан.

«Кыргыз жарандыгын алгандар аныкталса, дароо облус борборуна жеткирилет. Алар тез арада кыргыз паспортторунан баш тартууну жана Тажикстандын жарандыгын алуусун талап кылышууда. Ал эми макул болбогондор Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга депортацияланат. Жада калса буюмдарын чогултканга убактысы жок», — дешти алар.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жаткандыгын билдирди.