Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды

Тажикстандан 50 Кыргыз жараны себепсиз чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тажик тарап өз аракеттерине түшүндүрмө берген эмес. 2-январда Тажикстандан Кыргыз мамлекетине 47 Кыргыз жараны «Карамык-автожолу» өткөрүү пункту аркылуу чек араны кесип өткөн. Алардын баары Тажикстандын Жергетал районунун тургундары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Тажик жарандыгы бар. Кечээ, 4-январда дагы 3 Кыргыз жараны Тажикстандын аймагынан «Бордөбө-автожолу» өткөрүү пункту аркылуу чыгарылды. Жогорудагы Кыргыз жарандарынын баары коңшу өлкөнүн Жергетал, Мургаб жана Тоолуу-Бадахшан райондорунда мыйзамдуу жашап жатышкан жана жашап жаткан жери боюнча убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январь жана 4-январь күндөрү тажик бийлик өкүлдөрү 50 Кыргыз жаранына эч кандай себебин түшүндүрбөй, 24 сааттын ичинде туугандары менен коштошууга уруксат бербей, өлкөдөн чыгарып коюшкан.