Тажикстандан чыккан вирустун Кыргызстандын аймагына киришине жол бербөө аракеттери көрүлүп жатат

Тажикстанда катталган, вакцинадан келип чыгуучу 2-типтеги полиовирус (cVDPV2) илдетин Кыргызстандын аймагына киришине жол бербөө аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборуна таянып, Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2021-жылдын 8-мартында кошуна Тажикстанда вакцинадан чыгуучу полиовирустун 2-типтеги (cVDPV2) вирусу табылган. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тиешелүү маалыматтарды карап чыгып, эпидемияны өзгөчө кырдаалдын 2-деңгээлине киргизген.

“Коңшу Тажикстан Республикасында cVDPV2 оорусун каттоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Тажикстан Республикасынан ооруларды алып келбөө максатында эпидемиологияга каршы чараларды күчөттү. 1993-жылдан бери Кыргызстанда жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустун каттоосу болгон эмес. 2002-жылдан бери өлкө «Полиомиелиттен эркин өлкө» сертификатына ээ болгон,- деп жазылат маалыматта.