Тажикстандан кайтарылган уландардын денесинде жаракаттар бар

Тажикстандан кайтарылган уландардын денесинде жаракаттар бар. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, балдардын биринин денеси тытылган болсо, экинчисинин көзү көгөргөн.

«Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Дастан Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулу үйлөрүнө кайтарылды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» фактысы менен катталган. Алар менен бирге мекенине тажик тарапта кармалып турган 6 кыргызстандык кайтарылды», — дешти ИИБден.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Бешкент айыл аймагында эки улан жоголгону тууралуу тасма тараган. Балдардын биринин апасы аларды тажик чек арачылары алып кетип калышты деген божомолун билдирип, табышууга жардам сураган.