Тажик бийлиги Орусияга учууга уруксат берди

Тажик баш калаасынын эл аралык аэропортундагы жүздөгөн жүргүнчүнүн нааразылыгынан кийин тажик бийлиги «Северный ветер» авиакомпанясына Дүйшөмбүдөн Орусияга бир нече авикаттам жүргүзүүгө уруксат берди.

Аэропорттун басма сөз кызматы 27-майда билдиргендей, алдыңкы күнү Иркутск жана Казанга каттамдар учту. Ошол рейстердин жүргүнчүлөрү эмне үчүн каттамдар кечигип жатканын түшүндүрүүнү талап кылып, бир жумадан бери Орусияга уча албай жатканына нааразы болушкан. Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси маселени чечүүгө убада берген.

Өткөн аптада агенттик билеттин баасы өтө кымбат деп «Северный ветер» авиакомпаниясынын лицензиясын кайтарып алган. Тажикстандан Орусияга туруктуу рейстер бир жылдан кийин, 1-апрелде жанданган.

Ал эми 26-майда кыргыз бийлиги «Манас» эл аралык аэропторуна учуп келген «Сомон Эйр» компаниясынын учагын 189 жүргүнчүсү менен кыргыз бийлиги Дүйшөмбүгө кайра кайтарган. 21-майдан тарта Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан.