Тажикстандын Башкы прокуратурасы жаңжал боюнча кыргыз аскерлерине каршы кылмыш ишин козгоду

«Исфара шаарынын Чоркух жамаатына 29-апрелде Кыргызстандын аскер кызматкерлер тобу жана жергиликтүү калк тарабынан жасалган куралдуу кол салуу фактысы боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду», — деп билдирет Тажикстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен «Азия-Плюс» жазып чыкты.

«29-апрелде Исфара шаарынын Чоркух жамаатына куралдуу кол салуу фактысы боюнча, болжол менен 200 адамдан турган Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана жергиликтүү калктын тобу тарабынан жасалган кылмыш иши боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренеси (агрессивдүү согуш) жана 104-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козголду», — деп айтылат билдирүүдө.

«Куралдуу кол салуунун кесепетинен, анын ичинде Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода жаракат алып, Тажикстандын жарандары каза болду», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан да чек арадагы жаңжалга байланыштуу кылмыш ишин козгогон болчу.