Тажикстандын чек арачылары кыргызстандык жарандын унаасына таш ыргытышкан. Сүрөт

Тажикстандын чек арачылары кыргызстандык жарандын унаасына таш ыргытышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. 

Алардын маалыматы боюнча, 4-ноябрда саат 16:20 чамасында «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын айдоочусу унаасы менен Ходжент менен чектеш Борбордук айылындагы Бостон май куюучу жайынын жанынан бурулуп жаткан. Бул учурда Тажикстандын 5 чек арачысы кыргыз жаранынын алдынан чуркап чыгып, анын унаасына таш ыргыта баштаган. Анын унаасынын эшигин ачууга да аракет кылышкан. Ал кошуна өлкөнүн жарандарына аны унаадан түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей кетип калууга үлгүргөн.