Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Лейлектик тургун мекенине кайтарылды

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган Уразбек Мирзоев аттуу Кыргыз жараны мекенине өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Уразбек Мирзоев Кыргызстанга «Кулунду-автожол» өткөрүү пункту аркылуу келген. Ишти Кыргызстандын компетенттүү органдары жүргүзүүдө.

Кечээ, 26-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылынын Уразбек Мирзоев аттуу 1995-жылы туулган тургунун кармашкан. Кармалган учурда Кыргыз жараны маршруттук таксиде аялы менен Ходжент-Канибадам унаа жолунда Тажикстандын Жигдалик айылына баратканы айтылган.