Тажикстандын чек арачылары тарабынан окоп казылып жатабы? Расмий жооп

Бүгүн, 12-августта президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык эшик артында жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйында кыргыз-тажик ортосундагы чек ара маселери, чек аралаш аймактарда кыргыз-тажик ортосунда чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо, буга чейинки чек ара аймактарындагы орун алган окуялар жана кече 11-август күнү Лейлек районунун Интернационал айылындагы атылган ок, Катта Туз участкасындагы тажикстандын чек арачылары тарабынан казылган окоп боюнча талкуу жүргөн.

Жакынкы күндөрү Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын чек арада жолугушуусу пландаштырылууда.