Тажикстандын чек арачылары тарабынан унаага ыргытылган таш. Чек ара кызматы үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районундагы окуя боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, окуя 4-ноябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкери Арка-Борбордук транзиттик жолунда Хонда Аккорд унаасы менен Бостон май куюучу станциясынын тушунда бурулуп жатканда Тажикстандын 5 чек арачысы унаага таш ыргыткан. Ошондой эле алар айдоочуну кармоого аракет жасашкан. «Кыргызстандык чек арачы жабыркаган жок, бирок унаасы зыянга учурады. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Кыргызстандын Лейлек району жана Тажикстандын Ганчин аймагы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып, Лейлек районунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын жараны – сержанттын унаасынын айнегин талкалап, өзүн кармоого аракет жасашканын билдирген.