Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана жолунда кыргызстандыктардын унааларына таш ыргытышкан

Баткен — Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында, 22-августта саат 00:30да белгисиз адамдар Ош облусунун аймагына бара жаткан кыргыз жарандарынын 2 унаасын таш менен урушкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынан билдиришти.

Анын кесепетинене Мерседес-Бенцтин эшиги жабыркап, Honda Stream унаасынын айнеги сынган. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркаган жок.

Бул факты боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кабарланган.

Өз кезегинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тараптардын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат.