Тажикстандын кол салуусу: 80 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайтып жатат

Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Бүгүн, 25-сентябрь саат 10:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 80 809 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.