Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жарандарга 287 миллион сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган калкты колдоо үчүн атайын эсепке 287 миллион 162 миң 730,5 сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Жалпысынан 3355 транзакция болгон. Атайын эсептин акчасы азырынча таратыла элек. Каражат президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жумшалат.