Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 185 адамга жетти

20-сентябрдын таңына карата саламаттыкты сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 185ти түздү, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламатттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ооруканаларда жалпысынан 164 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 60 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду. Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.