Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачынын кош бойлуу жубайы, эки баласы аскер бөлүктө күн кечирип жатканы маалымдалды

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачынын кош бойлуу жубайы жана эки баласы аскер бөлүктө күн кечирип жатканы маалымдалды. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучусу жарыялады.

«16-17-сентябь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгон Мирлан Ниязовдун артында кош бойлуу жубайы жана эки чүрпөсү калган. Азыр маркумдун үй-бүлөсү 2022 аскер бөлүгүндө күн кечирип жатыптыр. Анткени алардын бара турган башка жери жок.

Жубайы Сатина Лайлиеванын айтымында, Баткендеги акыркы чек ара жаңжалында курман болгон аскер адамдарынын үй-бүлөсүнө мамлекет турак-жай берген. Бирок аларга эмне үчүн берилбей калганы түшүнүксүз. Жубайы маркум жолдошу менен нике күбөлүгү жана балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү бар экенин айткан. Бериле турган үйдү кайненеси алышы мүмкүндүгүн кошумчалаган», — деп жазылат билдирүүдө.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чек ара кызматынын басма сөз кызматына жогорудагы окуя боюнча кайрылган учурда маркум чек арачыга үй берилгенин жана аталган мекеме маркумдун үй-бүлөлүк маселелерине кийлигише албай тургандыгын билдиришти.