Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Чыңгыз Акчалов бүгүн 25 жашка толмок. Агасы бийликке нааразы болду

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 23 жашында Чыңгыз Акчалов каза болгон. Маркумду агасы эскерип, көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 25 жашка толмок экенин билдирди.

«Саат 12.12 деген датаны календарь көрсөтөр замат, мен ар дайым Чыңгызды туулган күнү менен куттуктачу элем. Бүгүн да саат 12ден өттү, бирок куттуктай турган иним да, сүйүнө турган күчүм да жок.

Акыркы жолу бетме-бет жолугушуубуз 2022-жылдын март айынын ортолорунда болду. Анда мен Баткенге барып, Меккеден келген жыпар жыттарды, Ажва курмасын белек кылып тапшырып келген элем. Ошондон баштап акыркы күнүнө чейин жүздөшүп көрүшө алган жокпуз. Себеби Чыңгыз милдет, мекен деп Баткенде, а мен болсо турмуш деп өз ишим менен башка жактарда жүрдүм. Эгерде ошондо акыркы жолку жолушуубуз экенин билгенимдечи?

Былтыркы жылы каргашалуу Баткен окуясында мекенибизди коргоп, тажик баскынчыларынын мизин кайтарып жатып Бөрү отрядынын Зениттик-ракеталык батареясынын командири улук лейтенант Чыңгыз Акчалов 16-сентябрда баатырларча курман болду (Баатырларча экендигинде да шек-күмөн жок). Эгерде бүгүнкү күндө көзү тирүү болгондо бүгүн 25 жашка чыгып бардыгыбыз куттуктап жаткан болмок экенбиз.

Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да баатырларча курман болгон инилерибизге татыктуу эч бир наам, же эч бир өзгөчөлүк берилген жок. Аты өчпөй эскерилип калсын деген ата-энелер, бир туугандары президенти баш, өкмөт башысы төш болуп кирбеген жерибиз, жолукпаган адамыбыз калган жок. 2022-жылы кайтыш болгон 49 баатырдын жакындары, 2021-жылы кайтыш болгон 3 баатырдын жакындары аракет кылып чуркасак да эл алдына чыгып унутпайбыз деген курулай сөздөн, иштеп жатабыз деген учу жок убадалардан, аты сакталып калышына бут тоскон адамгерчиликсиз аткаминерлерден башка эч нерсеге дуушар деле боло элекпиз. Бардыгы эле баатыр дейт, бирок баатыр наамын бергенге аракет кылган адам жок. Кыскасы 52 баатырдын жакындары бушайман болуп эле бүттү. Эл башчылары менен кошо эл деле унутуп бүттү окшойт», — деп жазды ал.