Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Элзаданын апасы: «Кызым котормочу болом дечү»

Тажикстандын кол салуусунан 15 жаштагы Элзада Маннанова каза болгон. Ал убагында үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кете албай, жанынан жарылган снаряддан курман болгон. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялады.

Кыздын апасы Зумрат Шарипованын айтымында, алар качып жүрүп тажашкан. «Бул 3-4-жолкусу. Биз тажадык. Кызымды жоготтук, эми таппайбыз. Кызым котормочу болом дечү. «Ал үчүн жакшы окушуң керек да» десем, «апа, окуйм» деп калчу», — дейт кыздын апасы.