Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 62 адамга жетти

24-сентябрга карата Кыргызстанга Тажикстандын кол салуусунун кесепетинен каза болгондордун жалпы саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Буга чейин министрлик Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 Кыргыз жараны каза болгонун маалымдашкан. Азырынча каза болгондордун тизмеси жарыялана элек.

Жабырлануучулар 198 адам, анын ичинен 61 амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. «Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар»,— дешти.