Тажикстандын кол салуусунан үйдүн кенжеси, 19 жаштагы Азамат Мирзакулов көз жумду

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 19 жаштагы аскер Азамат Мирзакуловдун сөөгү Ошто жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун айылдаштары билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2003-жылы төрөлгөн. Ал Айдаркендеги Капчыгай тозотунда кызмат өтөп жүргөн. «Үйдүн кенжеси эле, ата-энеси кан жутуп отурат»,- деди айылдашы.

Жоокердин үй-бүлөсүнө Ош шаарынын мэриясы тарабынан материалдык жардам берилген.