Тажикстандын кол салуусунда танктын экипажын куткарган аскер денесинен 40 пайыз күйүк алган

Тажикстандын кол салуусунда танктын экипажын куткарган аскер денесинен 40 пайыз күйүк алган. Бул тууралуу медиа эксперт Гүлнура Төралиева соцтармактагы баракчасына жазды.

«Рысбек Шайыпов өткөн жылы дүйнөлүк танк биатлону боюнча чемпион болгон. Чек араны коргоо үчүн Баткенге өзү барам деген. Тажикстандын кол салуусунда өз өмүрүн тобокелге салып, танктын экипажын куткарган. Миналардан куткарам деп өзү анын бирине туш келип калып, денесинен 40 пайыз күйүк алган, бети, колдору жана буттары… Азыр дарыланууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Медиа эксперт жогорудагы аскердин эрдиги «Кыргызстандын баатыры» сыйлыгына татыктуу дегенге макул болгондорду билдирүүнүн ылдый жагына комментарий калтырууга чакырат.