Тажикстандын кол салуусунда тыптыйпыл талкаланган Капчыгайдын азыркы көрүнүшү. Видео

2022-жылдын сентябрь айында Тажикстандын кол салуусунда Капчыгай айылы эң көп жабыр тартканы маалым. Буга чейин декабрь айында аталган айылга президент Садыр Жапаров барганда 75 үйдө курулуш иштери жүрүп жатканы айтылган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Капчыгай айылынын азыркы көрүнүшү тартылган видеону соцтармактагы баракчасына жарыялады. «Баткен районундагы Капчыгай айылынын ички жолу толугу менен жасалып, асфальт төшөлдү. Жаңы курулган тамдардан тышкары жолу жасалып, көчөлөрүнө жарык коюлду. Капчыгай айылы эң көп жабыркап, толугу менен талкаланып, тонолуп кеткен болчу», — деди ал.