Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү

Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдында акция өтүп жатат. 

Митингдин катышуучулары Тажикстанды Баткен облусундагы агрессияны токтотууга чакырышууда. Алар “Баткен биздин жерибиз!”, “Токто, Рахмон агрессор” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

«Бизде чек ара көйгөйлөрү дайыма болуп келген. Бирок коңшулар биздин жарандарды миномет менен аткан эмес. Тажик аскерлери биздин үйлөрдү аткылап жатышат. Өзүңөрдүн ички саясий көйгөйүңөрдү биздин эсебизден чечүүнү токтоткула. Баткен биздин жер», — дешти алар.