Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.