Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына барат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфарадагы Ворух анклавына барат. Бул маалыматты бүгүн, 31-мартта Тажик президентинин маалымат катчысы Абдуфаттох Шарифзодага шилтеме берүү менен “Озоди” радиосу жарыялады.

Маалыматка караганда, Эмомали Рахмон аталган жерге 4-апрель күнү барат. Ал эми буга чейин Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода Ворухка барып кеткен.

Бул анклавтын аты өткөн жумада Тажикстандагы бардык ЖМКлардын баш макалаларында орун алган. Талаш-тартыш 26-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынынан кийин тутанган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда, бул анклав боюнча Тажикстанга 2 сунуш киргизгенин. Бирок алар сунушка жооп бере электигин айткан эле.

Азырынча Тажикстандын расмий өкүлдөрү Ташиевдин бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек. Бирок жүздөгөн социалдык тармактын колдонуучулары бул жаңылыкка жооп кылып, Ворух анклавын Кыргызстанга берүүгө каршы экендиктерин билдиришти. Андан кийин бир нече аймактык лидерлер Ворухка барышты жана мамлекеттик маалымат каражаттары лидерлердин сапарларын Ворухтун жашоочуларын колдоосу катары мүнөздөдү.

Исфара районундагы Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен району менен чектешет. Чек аранын көптөгөн тилкелери белгиленген эмес. Жолдорду, жайыттарды, сууну жана жерди колдонууда эки тараптын тургундары көп кагылышат.