Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде иш сапары менен Ворух анклавына барды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы жазды.
Анклавда президенттин катышуусунда бир нече объекттер ачылат. Алардын ичинде «Улуттук туу» аянты, Маданият ордосунун жаңыланган имараты жана жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты бар. Ошондой эле калкты тейлөө борбору, тигүүчү цех жана кондитердик цехтин ачылышы күтүлүүдө.
Андан тышкары президент Ворух эли жана активи менен баарлашат.