Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нааразылык нотасын тапшырды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин комментарийине байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, нааразылык нотасын алды. Бул тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Министрлик «Тажик тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын мындай билдирүүлөрүн саясий маданияттын эрозиясынын жана элементардык дипломатиялык этиканын жоктугунун далили катары баалайт», — деп белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго берген сыйлыгына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев комментарий берген. «Сыйлык өз күнөөкөрүн тапты» деген.