Тажиктер барымтага алган 10 Кыргыз жараны кайтарылды (видео)

Тажиктер тарабынан барымтага алынган 10 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 1-майда саат 20:00дө Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылган.

«Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу. Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.