Тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана унаа жолу ачылды

Бүгүн, 1-майда Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылында Баткен ОИИБдтн начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Согдий ОИИБдин начальниги, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов менен жолугушуп, чек аралаш аймактардагы болуп жаткан абалды турукташтыруу максатында сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек аралаш аймактардагы жарандардын коопсуздугун сактап, коомдук тартипти жөнгө келтирип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча маселелерди талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү тажиктер тарабынан жабылган Ош-Исфана унаа жолу ачылган.