«Такси айдап, нанга акча таап жатам». Вагондо жашаган SUPERTV’нын каармандары унаалуу болду

Мындан бир ай мурда SUPERTV’га “Оорудан айыгабыз деп болгон байлыгыбызды сатып, вагондо жашап калдык” деген үй-бүлөнүн баяны жарык көргөн. Видео чыккандан көп өтпөй, каармандарыбыз бизге байланышып, эл тарабынан кандай жардам болгонун кубанып айтып берип жатышты. Биз алардан дагы бир ирет кабар алып, кайттык.

«Видео чыккан соң, колдоо көп болду. Арабдар эки кичинекей балаңыз бар экен деп, уй беришти. Уй саап, сүт бериңиз дешти. Аны жолдошумдун досу багып берейин деп, жайлоого алып кетти. Үй-жайлуу болсок эле алдырып алабыз. Мигранттар бир топ акча салышты. Боорумдан операция болуп келдим. Балдарымды караганга жарап калдым. Жардам бергендерге ыраазымын. Азык-түлүк алып келип берип жатышты. 2 муздаткыч алып келишти», — деди Салтанат айым.

«Карапайым элдер акча беришти. Орусия, Америка, Германия, Түркияда иштеп жүргөндөр салышты. Менин чогултуп жүргөн акчамды кошуп, ушул унааны алып алдым. Эми гемодиализ алганга унаа менен барып жатам. Баарыңарга рахмат. Аппаратка барбаган күндөрү такси айдайм, нанга акча таап жатам», — дейт Айбек мырза.