Талант Мамытов жетектеген делегация Тегеранга учуп кетти

Бүгүн, 4-августта  Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген делегация  иш сапары менен  Иран Ислам Республикасына учуп кетти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Делегациянын курамында  Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков бар.

Кыргызстандын делегациясы Иран Ислам Республикасынын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышат.

Иш сапардын алкагында Мамытовдун Иран Ислам Республикасынын жетекчилери, ошондой эле  инаугурация салтанатына келген чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушуусу пландаштырылууда.