Талант Мамытов: «Өз Ата Журтун коргоо ар бир жарандын ыйык парзы»

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талант Мамытовдун куттуктоосу:

«Баарыбыз бул майрамды балалык кезибизден жакшы билебиз. Бул күн аскер кызматын өтөө милдети, жоокерлердин кайрат-күчү жана каармандыгы, өлкөбүздүн кызыкчылыгын жана тарыхын сыймыктанып коргоо сезимдери менен тыгыз байланышкан.

Заман өзгөрөт, бирок мекенди коргоонун жана сактоонун ыйык  милдети өзгөрбөстөн кала берет. Ɵз мекенин, өз Ата журтун коргоо ар бир мекенчилдин, ар бир жарандын ыйык парзы.
 
Ал эми, 23-февраль күнү биз Улуу Ата мекендик согуштун жана башка жоокердик аракеттердин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлерине, ошондой эле  өлкөбүздүн коопсуздугун коргогон бардык адамдарга терең ыраазычылыгыбызды  айтабыз!

Бул күнү биз жарандарыбыздын бейпил жашоосун жана мекенибиздин коопсуздугун сактап тургандарга, жоокердик күзөттө, Кыргыз Республикасынын армиясында кызмат өтөп жаткандарга, мамлекеттик чек араны коргогондорго терең сый-урматыбызды билдиребиз.
 
Бардык аскер кызматкерлерин, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин, алардын ата-энелерин, жубайларын жана балдарын дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм. Өлкөбүзгө тынчтык, баарыңыздарга жакшылык, бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалайм».